"Сунуш түшкөнүнө сүйүндүм". Онлайн өткөн "Turkvisyon-2020" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн Айганыш Абдиева катышты

Ырчы Айганыш Абдиева эл аралык "Turkvisyon-2020" сынагына катышып, 16-орунду ээледи. Эң башкысы жеңиш эмес, катышуу деген ырчы сынак онлайн болгонун айтат.

"Эл аралык сынак онлайн болуп, катышуучулар жандуу үн менен аткарган ырларын видеого тартып жиберишти. Сынак башталарына 4 күн калганда мага сунушташты. 3 күн ичинде даярдык көрсөк жетиштүү болбой калат го деп баш тартайын дедим. Бирок сынакка Кыргыз өлкөсүнүн атынан дагы катышуу керек экен. Мени, ырымды татыктуу деп тандап жатышса 3 күндө деле жетишебиз деп командам менен даярдандым. Сунуш түшкөнүнө сүйүндүм.

Аткарган ырдын эч жерин оңдобой жибериш керек деген талап бар болчу. Биз ошол нерсени кармандык. Ошондой эле сынактын уюштуруучулары тарабынан кошумча берилген ырды кавер аткардык. Ар бир катышуучунун өзүнүн аткарган ырынын жыйынтыгы чыгып, биз 16-орунду ээлептирбиз. Ал эми кавер аткаруунун жыйынтыгы 1-январда чыгат.

Кыргыз өлкөсү сынакка катышпай калды деген кепке калбай, кыска убакытта даярданып катыштык. Буюрса, эл аралык сынактарга катыша беребиз", - дейт ырчы.

"Turkvisyon-2020" сынагына 26 өлкөнүн өкүлү катышып, финал 20-декабрда болуп, анда украиналык Наталья Папазоглу жеңишке жетти.

Буга чейин "Turkvisyon" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Чоро" тобу, "Non-Stop" дуэти, Жийдеш Идирисова (2015-жылы катышып, жеңүүчү деп табылган) катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Yahoo
2020-12-24 13:56:56
Лучше бы не участвовала и не одела бы этот комбинезон для гашников. Песня ни о чём, обычная песня для пополнения треков в альбоме.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан