Бишкекте бейбаштыкка шектелип коомдук транспорттун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
20-декабрда саат 14:10 чамасында Курманжан датка жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспорттун айдоочусу менен жүргүнчүнүн ортосунда мушташ болуп жатат деген билдирүү укук коргоочуларга келип түшкөн.
"Милиция кызматкерлери жерине барганда 31 жаштагы А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал №134 маршруттук каттамынын айдоочусу менен пикир келишпестиктер жаралып, арыз ээсин отвёртка менен башына жаракат келтиргенин айткан. Андан соң из жашырып качып кеткен.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан 38 жаштагы Е.А. аттуу жаран кармалып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына жеткирилди.