Мындан 11 күн мурда, тагыраагы, 10-декабрь күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Сокулук районундагы Шопоков айылында жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумган. Окуя болгон жерден айдоочу изин жашырып, качып кеткен.
Чүй облустук милициясынан билдиргендей, ыкчам териштирүү иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу, Сокулук районунун 1974-жылы туулган тургуну кармалган.
"Айдоочу жөө адамды сүзгөндөн кийин унаасынын сынып калган фарасын алмаштырып, жашырып койгон. Учурда кармалган жаран Сокулук РИИБинде. Анын унаасы айып короосуна токтотулду", - деп айтылат маалыматта.