Мирбек Атабековдун АКШга кеткенине коркутуулар себеп болгонбу? Ырчынын жообу

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жакында эле үй-бүлөсү менен АКШга кеткени маалым болгон. Анын чет өлкөгө кеткени коомчулукта ар кандай кептерди жаратты. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары ырчынын парламенттик шайлоодон кийин орун алган башаламандыкта аянтка барып сүйлөгөнүнө байланыштуу ага коркутуулар болгонун, мындан улам Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кеткен деген пикирлерин жазышууда.

Ырчы өзүнүн дарегине карата айтылып жаткан кептер боюнча түшүндүрмө берди.

"Бул жалган маалымат. Биз ар жыл сайын АКШга кайын журтума конок болуп келип турабыз. Бул жолу да ошол максат менен келгенбиз. Жогоруда айтылган маалымат туура эмес, бул жөн гана айрым адамдардын фантазиясы деп ойлойм. Бардыгын туура түшүнүү менен кабыл алам", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Kich20
2020-12-22 00:21:17
Америкага учуп жатса Россияга учайын десен коррупция менен учасын пулдуулардын жана оферизмдин жана пахталардын заманы болуп атат
+16
nazira...
2020-12-22 00:34:58
Э жоголчу ошодон нары, келбей эле кой.
0
engel
2020-12-22 09:15:58
nazira...,эмне болду анчалык? Бизге жагат мыкты ырчы аман болсун кайда болсо дагы
+2
nazira...
2020-12-22 19:15:46
engel,мага да жакчу, бирок өзү билет не деп койгонун. Эми Ошко келем дебей эле койсун.
0
souza.j
2020-12-22 00:38:40
РФ на учуу коррупциянын жеткен чеги.
+10
Pankration_MMA
2020-12-22 00:40:05
Элдер бир башы менен кете албай жатса, бул үй-бүлөсү менен кантип кетти экен!!!
+1
Nuuman
2020-12-22 07:25:20
Pankration_MMA, элден айырмаланып бул иштейт жакшы акча. Анан АКШга кетүүгө визасы болсо болду да.
+2
engel
2020-12-22 09:16:37
Nuuman,карангы болсо тушунбойт да
0
Asel69
2020-12-22 01:42:59
Мирбек молодец. Эн мыкты ырчысын. Эл сени сыйлайт
-8
ZALKARBEK.84
2020-12-22 02:21:19
Бул дагы бироонун созуно кирип суйлоп алды окшойт. Таза ундуу ырчы, уй-булобуз менен сыйлайбыз. Кыргыз музыкасына эмгеги зор талант.
+6
Dolbooruwka
2020-12-22 05:17:38
Адамдар эмне болуп баратасынар, Мирбек Атабековдой бироон Кыргыз мамлекетине салым коштунарбы ушул жаман комент жазгандар, ким силерди бутунардан кармап отурат каалаган жагынарга кеткиле озунун правиласы бар, барчу жагына ишин болсо ошол иштеген ишинен чакыруу болсо, же тууган уругунан чакыруу телеграмм келсе анан пожалуйта кете бер. Отуруп алып телефондун артында акылдуу боло бербей уяты жоктор.
0
Jibakana
2020-12-22 10:13:07
Dolbooruwka, Атабеков не малым кошту экен Кыргызстанга?ырдап кыргызстандын атын кичине таанытканга салымын кошту десен
0
bekalife
2020-12-22 09:17:47
Бир нерсени балп этип коюш да кыйын
0
Ozgocho111
2020-12-22 10:42:03
Маданиятсыз маданият кызматкери....
-4
bekbol2006
2020-12-22 10:52:58
Мирбекти трайбалистик созу учун жек коруп калдым. Жугундукор...
-3
Aman_Mansurov
2020-12-22 12:15:25
bekbol2006,эмне болуп трайбалистик кылды? Ош жөнүндө же Оштун жашоочулары жөнүндө бир жаман сөз айттыбы? Сооронбайга каршы чыккан адам трайбалист болобу?
-4
Aky12
2020-12-22 13:08:14
Октябрдагы шайлоонун артынан коптордун чыныгы жузу ачылды, окунучтуусу биз сыйлаган Мирбек Атабеков да ошол жузу ачылган адамдардын катарын толуктады...
+7
Flower2017
2020-12-22 22:45:49
Айланайын кыргыз бир туугандар бири бирибизди буттан артка тартпай түрткондү үйрөнөлүчү!!! Анан өнүгөт Кыргызстан!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан