Бишкекте унаа жуучу жайлардын биринде токтоп турган унааны уурдагандар видеого түшүп калышты

Бишкекте унаа уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда Октябрь РИИБине Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 3:00дөн 6:00гө чейин Максим Горький көчөсүндөгү унаа жуучу жайлардын биринин жанында токтоп турган 400 миң сомдук Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз ээлеп алган. Андан кийин алар белгисиз тарапка из жашырып качып кетишкен.

"Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 28 жаштагы К.Э, 18 жаштагы Н.Т 13 жаштагы Ж.Т тергөө кызматына жеткирилген. Натыйжада шектүү К.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмышка шектүү Н.Т. жана Ж.Т. жашы жете электигине байланыштуу, милдеттенме боюнча бошотулган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары улантылууда.

Бишкекте унаа уурдаганга шектелгендер кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba.20201234567
2020-12-22 10:16:44
Кино тартып жиберишкен го музыкасы мн...ха ха хо хм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан