О! Мобилдик оператору 2021-жылдын 8-январынан тартып КРнын башка мобилдик операторлорунун түйүндөрүнө добуштук чалуулар үчүн сатуу салыгын эске албай туруп 2,8 сомго чейин наркын азайта тургандыгын маалымдайт.
«Переходи на О!» линейкасынын эң популярдуу тарифтеринде жана башкаларда түйүндөн тышкары чалуулардын наркы төмөн болот. Толук тизмени o.kg сайтынан көрсөңүздөр болот. Өзгөрүүлөр архивдик тарифтик пландарга тарабайт.
Нарктын позитивдүү өзгөрүүсүн учурдагы жүз миңдеген, ошондой эле жаңы кошулган абоненттер сезе алышат.
Өз тарифиңизге тиешелүү майда-бараттарын сиз ар дайым «Мой О!» тиркемесинен тактап алсаңыз болот.
«Мой О!» – бул «О!Деньги» функционалдуу капчыгы жана О! абонентинин жеке кабинети. Тиркемени жүктөп алыңыз жана сиздин мобилдик жардамчыңыз ар дайым кол алдыңызда болот! Тиркемеге миллиондон ашуун кыргызстандыктар өз баасын берди – ал жерден мүнөттөр менен гигабайттардын калдыктарын көрсө болот, номер боюнча чыгымдарды көзөмөлдөп, өз алдынча кызматтарды кошуп алып, ал гана эмес жакындарынын балансына да камкордук кыла алышат. «О!Деньги» капчыгынын жардамы менен коммуналдык кызматтарды, интернетти, мобилдик байланышты, камералардан келген айып пулдарды, салыктарды, дүкөндөрдөгү сатып алууларды, МКБ күйүүчү майды, кафелердеги эсептерди жана 700дөн ашуун пайдалуу сервистерди жеңил төлөөгө, ошондой эле тиркемеден түз эле онлайн-кредиттерди алууга болот.
О! Мобилдик оператору бүгүнкү күндө Кыргызстанда 4G LTE түйүнүнүн кеңири камтуу аймагына ээ – өлкөнүн калкынын 98%ынан ашууну О! түйүнүнүн 4G LTE-интернетинин ишенимдүү камтуу аймагында жашайт. О! түйүнүнүн камтуу картасын www.o.kg сайтынан көрсөңүз болот.