Кылмыш ишин жабууну убадалап, акча алууга шектелген опер кызматкери кармалды

Бишкекте Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Сокулук РИИБинин опер кызматкери кармалгандыгы тууралуу маалымат тарады.

Маалыматта кармалган милиция кызматкери зордуктоого шектелген арыз ээсинен 100 миң сом талап кылып, кылмыш ишин жабууга убада бергени айтылат.

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына байланышканыбызда бул боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан