"Жансыз денени саркынды суу өткөн түтүктүн алдына ыргытып жиберген". Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Жайыл районунун Ак-Башат айылындагы имараттардын биринин жанында эркек кишилердин ортосунда ызы-чуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Анын негизинде окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан, ал жерди кароо учурунда саркынды суу өткөн түтүктүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Кароо учурунда анын денесинде жаракаттар аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.Териштирүү учурунда каза болгон жарандын өздүгү такталып, ал 41 жаштагы Д.Ф. аттуу жаран экендиги маалым болгон. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан 42 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышка шектүү жана каза болгон жаран чогуу ичимдик ичишип отурушуп, ортодо пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, жыйынтыгында Д.Ф. окуя болгон жерден каза болгон. Кылмышты жашыруу максатында шектүү жаран анын денесин саркынды суу өткөн түтүктүн алдына таштап, из жашырып кеткен, - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан