Бишкекте көмүр менен жагылган меш жарылып андан бир үй-бүлө жабыр тартты. Кырсыктан кесепетинен 34 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Салматтык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тилекке каршы, 34 жаштагы келиндин денеси 80 пайызы күйүк алып, оор жаракаттарды алгандыгына байланыштуу каза болду. Анын 34 жаштагы жолдошу, 13 жаштагы баласы Бишкек Трамватология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат. Абалдары орточо оор. Андан тышкары 4 жаштагы бала 3-клиникалык балдар ооруканасында", - дешти басма сөз кызматынан.