Чүйдө уурулукка шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-декабрында Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылындагы иш-каналардын биринин жетекчиси 85 метрлик электр чубалгысын уурдап кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүүсүн өтүнүп арыз менен кайрылган. Келтирилген материалдык чыгым 7 миң сомдон ашкан. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин сот жообуна тартылган 38 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран Беловодск айылынан ушул сыяктуу дагы эки фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдирет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан