Талас облусундагы Бакай-Ата райондук прокуратурасы 2,4 гектар жер аянтын жеке тургундан мамлекеттин карамагына кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айыл өкмөтү 2006-жылы мамлекеттин менчигиндеги кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү 2,4 гектар жер тилкесин айылдын тургунуна мыйзамсыз бергендигин Бакай-Ата райондук прокуратурасы аныктады.
"Мыйзам бузууну четтетүү максатында райондук прокуратура жерди берүү боюнча кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн 2,4 гектар жер аянты кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылды",- деп айтылат маалыматта.