Унаанын отургучунун алдына каткан. Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө баңгизат ташып келе жаткан жаран кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматы ири өлчөмдөгү оор баңгизаттарды Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө алынып келген кезектеги каналга бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жакында Ош облусунун Нариман айылынан 1970-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы унаа токтотулган. Кызматкерлер кармоо жана кароо жүргүзүү учурунда, сатууга арналган Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын партиясын табышкан. Унаага кароо жүргүзүүдө отургучтун астынан 5 даана таңгакталган, уксус ангидрид өзгөчө жыттанган зат табылып алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, аталган зат жалпы салмагы 5 килограмм 178 граммды түзгөн героин баңгизаты экендиги аныкталды.

Аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан