Жалал-Абад облусунда бир аптада 31 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан облустун аймагында 12-декабрдан 19-декабрга чейинки бир жума аралыгында жалпы 1200 жол эрежелерин бузган айдоочу аныкталды.
Анын ичинен 31 айдоочу унааларын мас абалында, 461 айдоочу катуу ылдамдыкта, 16 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 692 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.
Жалпы 92 унаа атайын айып короого коюлган.