"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда мамлекетке 20 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирүү фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 2018-жылы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети "Акылдуу шаар" долбоорунун компоненти болгон "Коопсуз шаардын" биринчи этабын ишке ашыруу максатында сынак жарыялаганы маалымдалат. Сынактын жеңүүчүсү катары "К.Р.В." ишканасы табылган.

Аталган ишкана транспорттордун агымы, видеобайкоого түшкөн маалыматтар жана жол эрежелерин бузуулар боюнча маалыматтарды атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен комплекстүү автоматтык маалымат кызматын көрсөтүү боюнча иштерди алып бармак.

"Ишкана менен түзүлгөн келишимде атайын техникалык каражаттарды орноштуруу, монтаждоо иштери белгиленген мөөнөтүнөн кечигип аткарылса, ар бир кечиккен күн үчүн туунду салынат деп жазылган. Бирок кызмат көрсөтүү боюнча келишимди аткаруу мөөнөттөрү бузулганына карабастан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети аталган ишкананын мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген күндөрүнөн 50 күнүн эсептеп чыгарып койгон. Мындан улам ишкана төлөп бериш керек болгон 20 миллион 171 миң сом толугу менен эсептен чыгарылып, мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилген", - деп маалымдалат.

Чогулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан