Бишкек шаарындагы мурдагы "Фрунзе" заводунун аймагында жарылуу болуп, 3 жаран жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-декабрда саат 15:00 чамасында аталган аймакта металл эритүүчү казан жарылып кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен жаракат алган 3 киши Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. 46 жаштагы жабырлануучу медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 37 жаштагы жаран биринчи жана экинчи даражадагы күйүк алды. Ал денесинин үстүңкү бөлүгүнөн, бетинен жаракат алып, күйүк дененин 6 пайызын түздү, абалы канааттандырарлык. Ал эми 25 жаштагы жабырлануучунун абалын дарыгерлер оор деп баалашууда. Ал баш мээсинен жаракат алып бети күйгөн, учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат", - дешти мекемеден.