"Өзгөндө президенттикке талапкер менен жолугушууга мугалимдерди, тарбиячыларды мажбурлап алып барышкан" деген маалыматты Башкы прокуратура четке какты

Интернетке “президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Өзгөндөгү шайлоочулар менен болгон жолугушуусуна мектеп жана бала бакчалардын мугалимдери менен тарбиячыларын мажбурлап алып барышты" деген маалыматтар тараган. Бул чындыкка дал келбей турганын Башкы прокуратурадан кабарлашты.

"Жогоруда айтылган маалымат Ош облусунун Ѳзгөн районунун прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерилди. Ошондой эле Ѳзгөн РИИБи тарабынан жолугушууга катышкан мугалимдерден жана Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысынан түшүндүрмөлөр алынды.

Жалпысынан Куршаб айыл өкмөтүндө 4 орто мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан. Ал эми 2020-жылдын 18-декабрында Ѳзгөн шаарындагы борбордук стадиондо талапкер менен болгон жолугушууга бала бакчалардын 1 тарбиячысы, орто мектептердин 9 мугалими өз каалоосу менен аталган иш-чарага катышкандыгы тастыкталып, Куршаб айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан эч кандай кысым көрсөтүлбөгөндүгү аныкталды. Бул маселе боюнча чогултулган материалдар, кандайдыр бир мыйзам бузуулар болбогондугуна байланыштуу райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан номенклатуралык ишке тиркелди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
forever88
2020-12-22 21:12:28
Кимдин, кимдин заманы, быржыбайдын заманы.
+3
Dilnaz.1990
2020-12-22 23:13:23
Мен дагы ушундай деп ойлогом бирок мектепке бироода келген жок мугалимдерге бар кылгыла деп Озгонго келди.Мугалимдер как чтык сабак отук
+2
Mirzita81
2020-12-23 01:14:57
Мадумаровчулар уялсанар боло калп эле Жапаров.С жаман корсотобуз деп ар ушактын башын баштайсынар. Рахман Разыков элди кемсинтип суйлогон учун кечирим сурасын элден.Озунор ошондойсунар бетинерге тукурсо да аркасынан ээрчип пахта коюп арышын чаап журосунор.
+1
jemile
2020-12-23 14:32:59
Биздин айылда деле айыл өкмөт башчы элди район борборуна алып барды....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан