Бишкек шаарында милициянын коомдук коопсуздук кызматы тарабынан "Арсенал" аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд 15-декабрдан 18-декабрга чейин жүргүзүлдү. Бул аралыкта 2 миң 184 курал ээси жана 26 объект текшерилип, 101 протокол түзүлдү. 76 курал ээсине эскертүү берилип, 26 жаранга жалпы суммасы 45 миң сомду түзгөн айып пул салынды.
Мындан сырткары, сактоо эрежелери бузулгандыктан 163 курал-жарак жана 3854 ок-дары алынды.