Бишкек шаарындагы мурдагы "Фрунзе" заводунун аймагында орун алган жарылуу боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат катчысы кабарлады.
Маалым болгондой, Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө бүгүн, 22-декабрда саат 15:15 чамасында билдирүү келип түшкөн. Анда "Фрунзе" заводундагы металл эритүүчү казан жарылып, жаракат алгандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна түшкөнү кабарланган.
"Ооруканага ыкчам тергөө тобу барып, мурдагы заводдун аймагындагы ишканадан металл эриткен казан жарылганын аныкташты.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Мындан тышкары жарылуунун келип чыгуу себебин аныктоо үчүн өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына ылайык кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
Бүгүн, 22-декабрда саат 15:00 чамасында аталган аймакта металл эритүүчү казан жарылып, кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алган. Алардын биринин абалы оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.