Токмокто 15 жашар өспүрүмдү зордуктаган шектүү өгөй ата убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Токмокто 15 жашар өспүрүмдү зордуктаган өгөй ата кармалды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, шектүү кечээ, 21-декабрда камалган.

"Кечээ мени прокурор "тез арада келиңиз" деп чакырды. Анткени кыздын өгөй атасы күнөөсүн моюнуна албай жатыптыр. Таенесине милициялар барса, ал аларды кубалап чыкты дешти. Анан мен таенесине барып аны Токмок РИИБине алып бардым, прокурорго ал күбө катары болгонун болгондой айтып берди, видеосунан бери бар. Анда ал өгөй атасы кызга кандай ыдык көрсөткөнү тууралуу көргөндөрүн, байкап жүргөнүн айтып берди.

Өспүрүмдү зордуктады деген өгөй ата кечээ кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эртең СИЗОго которулат", - деп билдирди Шердор Абдыкапаров.

Окуянын чоо-жайы:

19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.

Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.

SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Raihan0602
2020-12-22 22:11:14
Зордукчу зөөкүрлөрдүн баарын бир камерага топтоп туруп өрттөп салгылачы
+2
zam81
2020-12-22 22:22:49
Эми озун зордуктаса экен
+1
Shekerbek-Amantur
2020-12-22 23:05:09
Буларга өлүм жазасын бербей эле бычып салыш керек эң жакшысы ошол
+2
Kadyrova_
2020-12-23 10:47:36
Эшек эшек депда айтканга болбойт эшек да өз кодигине мындай мамиле кылбайт.сөз жок айткангада, буларды кыйнап бычып медисиналык жардам көрсөтпөй койо бериш керек,кансырап кыйналып өлүш керек.башка жаза аздык кылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан