Бүгүн, 23-декабрда Эмил Атагелдиев режиссёрлук кылган "Көл" тасмасынын ачылышы "Манас" кинотеатрында орун алат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, тасманын бет ачары саат 12:30га белгиленген.
Аталган тасма буга чейин Шанхайда өткөн "А" класстагы тасмалардын эл аралык фестивалында көрсөтүлүп, "Asian New Talent Award" категориясынын номинанты болгон. Фильм Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Алтын глобус" сыйлыгына да сунушталган.
Аталган тасмага Садык Шер-Нияз менен Эрке Жумакматов продюсерлик кылып, Кинематографисттер департаментинин колдоосу менен тартылган.