Сүлүктү шаарында шахта урап түшүп эркек киши изделүүдө

Баткен облусу Сүлүктү шаарында шахта урап түшүп эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү саат 10:40та “Ашымбай” шахтасы урап түшүп, 1 эркек киши калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Учурда анын аты-жөнү такталууда.

Кырсык болгон жерге ӨКМнын жалпы өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун 16 куткаруучусу, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, ИИМден 1 экипаж, шахта мүдүрү жана 20 жумушчу тартылган.

Издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан