Милиция кызматкерлери Бишкек шаарында унаалар менен алдамчылык кылып жүргөн деп шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 16-ноябрда Октябрь РИИБине М.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда февраль айында Чолпон-Ата көчөсүндө О.Ж. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, алдамчылык жол менен бөлүп-бөлүп сатып алууну убадалап, жалпы баасы 28 миң доллар түзгөн Toyota Highlander жана Honda CRV үлгүсүндөгү унаасын 7 миң 500 долларын гана төлөп, калганын бербей из жашырып кеткен.
Учурда тергөө иштери улантылууда.