Түн ичинде Төмөнкү Ала-Арча айылындагы мушташ. Ата менен бала 19 жаштагы эки баланы сабаганга шектелип кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда эки баланы сабаган видео материал милиция тарабынан катталып, шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине 19 жаштагы А.У. жана Ж.А. аттуу жарандар арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен таңкы саат 03:00дөн 04:00 убакыт аралыгында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанынан белгисиз эркек кишилер менен пикир келишпестик жаралып, жыйынтыгында арыздануучуларга кол көтөрүшүп, денесине залал келтиришкенин билдиришкен. Алар алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканага жеткирилген.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип, 49 жаштагы О.К. жана 23 жаштагы О.М. аттуу ата менен баласы кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Чүйдө түн ичинде 19 жаштагы балдар сабалган. Шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Urmat78
2020-12-23 12:30:20
Түнү 3-4то көчөдө не кылып жүрүшөт темселеп.Оздорундо дагы куноо болсо керек
0
alym21
2020-12-23 12:55:09
Чон кишиге орондошсо керек да жаштар,атасына болушуп баласы сабагандыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан