Кыргызстандык спортчу Бактыгүл Усупбаева (51 килограмм салмакта) 1-октябрь күнү жаңыланган Эл аралык бокс федерациясынын рейтингинде 19-орунду ээледи. Буга чейинки рейтингде да Бактыгүл 19-орунда болчу. Ал эми алдынкы үчтүктө, англиялык Никола Виргиния Адамс, кытайлык Канкан Рен жана индиялык Ком Мэри Чунгнейжанг деген мушкер кыздар бар.