ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына атасы менен баласы үйүндө баңгизат жана гранаталарды мыйзамсыз сактап жүрүшөт деген маалымат боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Аталган маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, атайын тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүлөрдүн жашаган үйүнөн кендир жыттанган зат табылып алынган.
Мындан тышкары, тинтүү учурунда мыйзамсыз колго жасалган жардыруучу түзүлүштү сактап жүрүү фактысы аныкталып, 2 даана жардыруучу зат табылып алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар, салмагы 232,5 грамм марихуана жана 66,9 граммды түзгөн гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.
Колго жасалган жардыруучу түзүлүш боюнча тиешелүү экспертизалар өткөрүлүп берилген. Бул кылмыштарды жасоого 1968-жылы туулган С.И. жана 1987-жылы туулган С.М. аттуу жарандар шектелүүдө. Шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.