Бишкекте 3 жылдан бери издөөдө жүргөн диний экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Бишкекте "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмунун 32 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда ИИМдин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Алынган маалыматка ылайык, 22-декабрда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө кызматы менен биргеликте 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн диний экстремисттик уюмдун 32 жаштагы Т.Ж. аттуу мүчөсүн кармашты.
"Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда 315-берененин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан