Чүйдө 19 жаштагы кызды чала таанышы сабап, зордуктоого аракет кылган. Окуя боюнча сотко чейинки териштирүү башталды

Айрым маалымат каражаттарына Чүй облусунун Жайыл районунда жигит 19 жаштагы кызды сабап, зордуктоого аракет кылды деген маалымат чыккан. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 23-декабрда кабарлашты.

Белгилүү болгондой, жабырлануучу кыз кайрылуу жасап, анда ал ички иштер органдарына арыз жазганын айтып, бирок иштин аягына чейин чыгышына ишенбестигин билдирген.

"19-декабрдан бүгүнкү күнгө чейин милиция кызматына жабырлануучу делинген кыздан эч кандай кайрылуу түшкөн эмес.

21-декабрь түнү болжол менен саат 02:24 чамасында Жайыл РИИБине аймактык ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда К.Н. аттуу 19 жаштагы кыз денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилгендиги маалымдалган. Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу барганда К.Н. аттуу кыз 3 күн мурда тайып жыгылып, денесинен жаракат алгандыгын айткан. Ошондой эле бейтап эч кимге арыз доосу жоктугун, анын ооруканага түшкөндүгү боюнча териштирүү иштерин токтотууну суранып арыз жазган. Бул окуя бирдиктүү реестрге катталган.

23-декабрь күнү кайрылуу жасагандан кийин жабырлануучу кыз милиция кызматкерлери тарабынан кайрадан суралды. Бул жолу К.Н. Панфилов районунун Кум-Арык айылы тарапта чала тааныш эркек бала тарабынан сабалганын жана ал зордуктоого аракет кылганын айтты. Учурда окуяны ар тараптуу иликтөө үчүн ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалып, чогултулган материалдарды Панфилов РИИБине жөнөтүү чечими кабыл алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Almazhhhh
2020-12-23 19:39:53
Кунндуго ар кандай маньяктар пайда болуп атаго.
0
Aranida
2020-12-24 03:01:43
Чала тааныш дегени кызык,тооба
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан