8 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Москвадан кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Москвадан кармалды. Ал бир нече беренелер боюнча катталган кылмыш иштерине
катыштыгы бар деп шектелип жатканын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, эл аралык издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1991-жылы туулган С.уулу.Д. аттуу тургуну Москвада жүргөнү аныкталган. Ал ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан кармалды.

"2010-жылы 30-ноябрга караган түнү С. уулу Д. Майлуу-Суу шаарындагы "Мото" кафесинде шериктери менен алкоголдук ичимдик ичишип, Б.Б. аттуу жаранды сабашкан. Алар жабырлануучунун алсыз абалынан пайдаланып уюлдук телефонун тартып алышкан. Ал эми жабырлануучу алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканада эсине келбей каза болгон.

Шектүү 2012-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу ШИИБи тарабынан изделип жаткан. Кармалган жарандын 104, 168, 121-беренелеринде каралган кылмыш иштерине тиешеси бар делинип, камакка алуу чечими чыккан.

Учурда кармалган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагына жөнөтүү боюнча керектүү чаралар көрүлүп жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2020-12-23 23:35:33
Кылмышы чын болсо кан койо бербейт!
Жазасын тартат!
+1
Sofiya05
2020-12-24 09:40:06
Эмнеге кылмыш жасалгандан 2 жылдан кийин изделген?
Эмнеге 2010- жылы эмес?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан