Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык "Үмүт" спектакли экинчи ирет көрүүчүлөргө тартууланды.
Моноспектаклде согушка кеткен уулдарын күткөн эненин ролун Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова аткарды. Эненин ички жан дүйнөсүн кылкыякчы Залина Касымова музыка аркылуу чагылдырып берди.
Аталган спектаклди жаш режиссёр Уланмырза Карыпбаев койгон.
Көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн козгоп, көзүнө жаш алдырган спектаклди көрүүгө маданияттын залкары Жамал Сейдакматова, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, ошондой эле президенттик аппараттан өкүлдөр келишти.
Белгилей кетсек, "Үмүт" спектакли онлайн өткөн фестивалда баш байгени жеңип алган.