Кыргызстанда акыркы 8 ай ичинде баңгизаттын мыйзамсыз айланышына байланыштуу 1229 кылмыш катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Баңгизатына байланыштуу кылмыштардын 82,5 пайызы ИИМ кызматкерлери тарабынан ачылган. Жалпы күч түзүмдөрү тарабынан алынган баңгизаттын салмагы 13 962 килограмм 625 граммды түздү.