Ырчы Нурлан Насип буга чейин чыгармачылыктан тышкары жеке ишкерлик менен алектенерин, тагыраагы, ресторан ачарын айткан. Бүгүн, 23-декабрда ырчы мырза аталган жайдын техникалык ачылышын жасап, келген меймандарга тейлөө көрсөтүп жатат.
Белгилүү болгондой, ырчы ресторан жана бар ачкан. Учурда ар бир келген кардарды тосуп алып, тейлөө көрсөтүлүп жатат.
"Буга чейин ачылышы болот деп жарыя кылгам. Белгиленген убакытта барсам эл топтолуп калыптыр. Аларды имараттын ичине киргизип, командам менен тейлөө көрсөтүп жатам", - дейт ырчы.