"Башына белгисиз буюм менен чаап жиберген". Бишкекте бейбаштыкка шектелип 36 жаштагы аял кармалды

Бишкекте бейбаштык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда болжол менен саат 08:30 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Осмонкул жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде кыздар урушуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 31 жаштагы Ш.А. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол даректен болжол менен саат 08:15 чамасында белгисиз айым арыз ээси менен урушуп, башына белгисиз буюм менен чаап жиберген.

Кайгуул кызматкерлери чечим кабыл алып, кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 36 жаштагы А.А. аттуу аялды кармашып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан