Бишкектеги “Дордой” спорт комплексинде кызмат учурунда каза тапкан милиция кызматкери Эрлан Искендеровдун жаркын элесине жана ИИМдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Мелдешке ИИМдин кызматкерлеринен турган 9 команда катышууда. Эске салсак, Эрлан Искендеров 2007-жылдын 16-апрелинде кызмат учурунда кылмышкерлердин колунан каза тапкан.