Милициянын кайгуул кызматы алдоо жолу менен акча алган жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда болжол менен саат 15:25 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына "Чыгыш 5" дарегинде жашаган 1966-жылы туулган К.Б. аттуу айым "сварка иштерин жасап берем деп 10 миң сомго жакын акчасын алып, бүгүнкү күнгө чейин дарегин билдирбей жүргөн чала таанышына карата чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган.
"Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Н.Ш. аттуу жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Бул факты боюнча Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.