Кочкордо аялын сабап өлтүрдү деген шектүүгө сот чечим чыгарды

Нарын облусунун Кочкор районунда 37 жаштагы аялын сабап өлтүргөнгө айыпталып жаткан күйөөгө сот чечим чыгарды. Анда Кочкор райондук соту ушул жылдын 12-май күнү айыпталуучу А.У.ну күнөөлүү деп таап 10 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук сотунан билдиришти.

Ал эми айыпталуучу тараптын арызын кабыл алган Нарын облустук соту ишти 21-июлда карап чыгып, Кочкор району чыгарган чечимди күчүндө калтырган.

Окуянын чоо-жайы:

2020-жылдын 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Жерине барган ыкчам топ Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келин каза болуп калгандыгын аныкташкан. Ал эми шектүү катары келиндин күйөөсү кармалган.

Бул окуя боюнча үй-бүлөнүн айылдаштарына байланышканыбызда, аты-жөнүн атагысы келбеген маркумдун айылдашы төмөндөгүлөрдү айтып берген. "Маркум 1983-жылы туулган. Жолдошу андан бир жашка улуу. Келиндин мурунку никесинен 1 уул, 1 кызы бар болчу. Азыркы жолдошу экөөнүн дагы 1 кызы жана 1 эркек баласы бар. Кырсык болордон 2-3 ай мурун маркумдун жолдошу кант диабетине кабылганын билип, намаз окуп жүргөнүн укканбыз. Жаңы жылга жакын спирт ичимдигин ичип алган экен", - деп билдирген айылдашы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан