Чүй облусунун аймагынан «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами́» диний экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана Ленин РИИБинин тергөө кызматы 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами́» диний экстремисттик уюмдун мүчөсү 32 жаштагы Т.Ж. аттуу жаранды кармашты.
Ал Кыргыз өлкөсүнө Өзбекстандан келип, республикада жасалма паспорт менен жашап жүргөн. Ошондой эле кармалган адам Өзбекстан Республикасынын аймагында жасалган адам өлтүрүү фактысына шектелип, эл аралык издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү "экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу" боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.