Жумгалда эки кабаттуу турак жайдан өрт чыгып, 4 батир күйдү

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында 2 кабаттуу турак жайдан өрт чыкты. Анын кесепетинен 4 батир күйгөнүн ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, өрт тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 24-декабрда саат 06:45те түшкөн. Анда Миң-Куш айылындагы 2 кабаттуу турак жай күйүп жатканы айтылган.

"Саат 7:20да 1 өрт өчүрүүчү унаа чыгып, айтылган дарекке 35 мүнөттө жеткен. Өрт чыккан турак жай деңиз деңгээлинен 2100 метр бийик жерде жайгашкан. ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2 кабаттуу турак үй толугу менен жыгач материалдардан курулгандыгына байланыштуу өрт кыска убакыттын ичинде күчөп кеткен.

Өрттү чектөө саат 8:00дө ишке ашырылып, саат 10:35те толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты 195 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн кесепетинен турак жайдын 2-кабатындагы 4 батир өрттөнүп, жалпы 195 чарчы метр аянт күйгөн.

Аталган жайдын 1-кабатында почта бөлүмү, кеңсе, жеке менчик дүкөндөр жайгашкан. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан почта бөлүмүндөгү иш кагаздар жана эмеректер коопсуз жерге чыгарылган", - дешти мекемеден.

Ошондой эле күйүп кеткен 4 батирдин экөө бош болгонун, эч ким жашабаганын кошумчалашты министрликтен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан