Орусияда мекендештеринен акча талап кылганга шектелип эки Кыргыз жараны кармалды

Москва шаарында мекендештеринен опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Орусиянын аймагында белгисиз адамдар өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн активдештирип, абакта жаткандарды колдоо үчүн ар кандай шылтоолор менен мекендештеринен акча каражатын опузалап талап кылып, Москва облусунун жана Москва шаарынын аймагында ишкерлик менен алектенгендердин үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.

"21-декабрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун 1999-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну кайрылган. Арыз ээси коңшу өлкөдө ижарага унаа алып, такси кызматында иштеп жүргөнүн, 19-декабрда аны карактап кеткенин айткан. Тагыраагы, жабырлануучу жол чырактын кызыл белгиси жанып, жолдо токтоп калганда унаага 20-25 жаштардагы белгисиз эки адам отуруп, айткан дарекке жеткирип коюуну кыргыз тилинде суранышкан. Жабырлануучу айткан дарегине жеткирген учурда кардарлар ага карата физикалык күч колдонуп, тапанча жана бычак менен коркутушуп, 8700 рубль өлчөмүндөгү акча каражатын алышкан жана кошумча 30 миң рубль берүүсүн талап кылган.

Түшкөн арыздын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүлөр 23-декабрь күнү кармалды. Алардын бири Чүй облусунун 1997-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну, мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар. Экинчиси Ысык-Көл облусунун 1998-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар экени аныкталды. Алардын жанынан бычак табылды.

Учурда иликтөө иш-чаралары уланууда. Кармалган жарандардын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө", - дешти мекемеден.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кармалган жарандардан жабыр тарткандар болсо +7 (926) 890-87-00 телефон номуруна байланышып коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
XATSAN125
2020-12-24 22:26:51
атып салса да болот буларды
+8
bond02
2020-12-24 22:30:59
Сакалын боеп алган го э?
+6
Lordbek
2020-12-24 23:27:04
Арабызда ушундай адамдар чыга берсе өнүгөбүзбү ушуларың адамбы ээ кайран гана энеңердин ак сүтү зээниң кейитет
+7
miki87
2020-12-24 23:30:16
Шакалдар ата энеси бар болду бекен. Чоорулор иттер
+6
al-abu-kinesz
2020-12-25 00:03:00
Сакал коюп алганына не дейсин мындай айбандын. Бандитке жаназа окулбайт, ошону билесинби? А бул дуйнодон жаназасыз кеткен ото жаман..
+5
Shabi
2020-12-25 00:26:08
Сакалын орттонгур,сакалын бирден жулса.
+3
Kyrgyz_bloger
2020-12-25 03:40:48
Кочодон корсон таксыр деп ойлойсун го,чындыгында шакал турбайбы.
+1
Bikosh2015
2020-12-25 05:36:53
Мисалы мен буларды тааныбадым. Коздорун жаппай ачык корсотсо жакшы болмок.
+2
Raihan0602
2020-12-25 10:36:04
Бирөөнүн жеринде жүрүп да эшектердин кылганын көр.Төрт саны аман башкаларга окшоп иштешсе өлүп калышабы.Силердей балдарды өстүргөн ата энеңерге наалат, жалпы Кыргызстандагы энелердин атынан силерге каргыш,жигит өлгүлө
0
Istina1000
2020-12-25 11:13:23
Буга окшогон адам тусполдуу шакалдар коп. Мага да бир-экоосу жолуккан, просто айтарга соз жок. Адамда акыл болбосо бекер экен да деп окуносун
0
Kari
2020-12-25 19:42:35
Мен 15 мин алдыргам,карангыда жуздорун корбогом,бирок кыргызча суйлошкон.Жумушубузда бир кыргыз кызды бычактап кетишкен парктан отуп баратканда.Бир карын майды бир кумалак ушинтип сасытат та.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан