Бишкек шаарынын Свердлов районунда кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 24-декабрь күнү саат 17:47де Восток 5-кичи районунда жайгашкан №24Б үйдүн жанындагы кудуктун ичинен табылган.
Болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.