Өзгөндөгү Куршаб дарыясынан аял кишинин жансыз денеси табылды

Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб дарыясынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-декабрь күнү саат 16:05те Лесхоз айылындагы Куршаб дарыясынын жээгинен болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына келип түшкөн.

Жерине ӨКМнын №53 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан