Чоң-Алайда айдоочу рулга ээ боло албай калып, кулап түшүп каза болду

Ош облусунун Чон-Алай районунда айдоочу рулга ээ боло албай калып, унаадан кулап түшүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-декабрга караган түнү саат 03:30да Чон-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон-Жаш-Тилек ички чарбалык унаа жолунун 12-чакырымында унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаадан кулап түшүп каза болгон.

Айдоочу 24 жаштагы жаран болгон.

Жерине ӨКМнын №88 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан