ИИМдин жана Ош ОИИБдин криминалдык милиция кызматы карактоого шектелген мурда соттолгон төрт жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-декабрь күнү болжол менен саат 02:30 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган 57 жаштагы жарандын үйүнө бет капчан белгисиз адамдар кирип, анын колу-бутун скотч менен байлап сабашкан. Үйдү тинтип накталай 40 миң сом акча каражатын алып, белгисиз тарапка из жашырып качып кетишкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча шектүү катары "адам өлтүрүү", "денеге оор зыян келтирүү", "бейбаштык" менен мурда соттолгон төрт жаранды кармашкан. Алар Бишкек жана Чүй облусунун жашоочулары 1987-жылы туулган Ж.у Б.1978-жылы туулган А.Н. 1990-жылы туулган А.А. 1983-жылы туулган Б.С.
Шектүү жарандар башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.