"Жер тилке берем деп, 4 миллион сомдон ашык каражатын алган". Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү Сокулук РИИБине Жалал-Абад облусунун 61 жаштагы А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси аны алдоо жолу менен ишенимине кирип, 4 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын ээлеп алып, жабырлануучуга бир канча жер тилкесин берүүнү убада кылышкан. Алар убадасын аткарбай из жашырып качып жүрүшкөн.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Аталган кылмышка шектүү катары издөө иш-чаралары учурунда 58 жаштагы М.А. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки иштер уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан