ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2020: Жыл ичиндеги резонанстуу өлүмдөр жана үрөй учурган кылмыштар

Баткенде ала жипти аттаган деп ойлоп, аялын аёосуз сабап өлтүргөн күйөө

2020-жыл Баткендеги үй-бүлөлөрдүн бириндеги үрөй учурган окуя менен башталган. Тактап айтканда, 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 1989-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыгып, чырдын кесепетинен келин каза болгону аныкталган. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-бутунун эти жанчылып, териси күйүктөн улам шылынган жаракаттарды көрүшкөн. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири, күйөөсү аялын ала жипти аттаган деп ойлоп, аёосуз сабап, эсин жоготкондо үстүнө кайнак суу куйган деп жазган. 27-февраль күнү бул иш сотко жөнөтүлүп, 9-июнда сот чечим чыгарган. Анда кылмышка шектүү 15 жылга эркинен ажыратылган.

Уулу атасын көчөдөн бычактап...

Бишкектин Арча-Бешик конушунда белгисиз жаран бир кишини бычактап кеткендиги жөнүндө маалыматтар интернет желесине тараган. Көп өтпөй Ленин РИИБи каза болгон 1962-жылы туулган К.Ш. аттуу жаран экенин, анын өлүмүнө 35 жаштагы уулу шектелип жатканын айткан. Милиция шектүүгө издөө салып, акыры ал милицияга апасы жана эжеси менен келип колго түшүп берген. Үрөй учурган окуяга уулу эмне себептен барганы айтылган эмес. Бирок азыркы күнгө чейин шектүүгө карата чечим чыга элек.

Өз кызын бир жылдан ашуун зордуктаган ата

Ош облусунун Араван районунда 15 жаштагы кызды өз атасы бир жылдан ашуун убакыт зордуктап жүргөн. Жабырлануучу кыз 15 жашта болгон. Анын апасы мындан 4 жыл мурун каза болуп, кыз атасы жана туугандары менен жашап келген. Араван районундук соту атаны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Чаламандын чак түшүндө аялын бензин чачып өрттөп...

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жарандык никедеги жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Окуя ушул жылдын 4-январь күнү болжол менен саат 16:20 чамасында күйөөсү менен аялы уруша кетип, аялынын бетине бензин чачып, күйгүзүп жиберген. Жабырлануучу келин Сатина Бабаканова окуяны мындайча айтып берген. "Мен жолдошум менен бир ай мурун ажырашкам. Бирок ал мени кызганып, "өлтүрөм" деп эле жүргөн. Караколдогу базарда бирдик салып, кичинекей күркөдө иштейм. Окуя болгон күнү күйөөм мас абалында келип, күркөмдүн эшигин бекитип туруп, бензин чачып, өрт койду. Мен ал жактан чыга албай калып, колу-бутум күйүп кетти. Терезеден араң чыктым", - деп айтып берген. Каракол шаардык соту күйөөнү күнөөлүү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

16 жаштагы кызды Караколдон уурдап келип, притондо иштетип...

16 жаштагы кызды Каракол шаарынан туулган күнгө чакырымыш болуп автобекеттен белгисиз эки адам машинага салып, Бишкекке уурдап келишкен. Алар кыздын каалоосуна каршы притондо иштетишкен. Бул окуя коомчулукка жарыяланып, катуу талкууга алынган. Милиция өспүрүмдү сойкулук кылууга мажбурлоого шектүү катары 24, 33 жаш дагы бир 24 жаштагы кыздарды кармаган. Аты-жөнүн атагысы келбеген 16 жаштагы кыздын таежеси "жээнимди 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан бейтааныш 2 адам Бишкекке алып келип, андан соң күч колдонуп, каалоосуна каршы притондо иштөөгө мажбурлашкан. Жээнимдин айтымында, аны алгач Караколдон алып келген эки бала буту, колун байлап зордукташкан,- деп айтып берген. Бул ишти Бишкек ШИИББи жеке көзөмөлүнө алып, 24-ноябрь күнү бул окуяга өкүм чыгарды. Анда айыпталуучулардын бири 7 жылга, экөө 6 жылдан эркинен ажыратылган. Бирок 2020-жылдын 8-майда чыккан мунапыска ылайык, алардын жаза өтө мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылган. Ошондой эле аларга 100 миң сомдон жабырлануучуга компенсация төлөө милдеттендирилген.

Нарында бычакталган Лимонти

Кримавторитет Лимонти каймана аты менен белгилүү Алмаз Сулайманов Нарын шаарында 28-март күнү түшкө маал бычакталып каза болгон. Анын өлүмүнө шектүү катары бир кезде кримавторитеттин таанышы болгон Имаш Шамиевдин уулу кармалган. Ал өзү Нарын ОИИБине келип кылган ишин моюнуна алган. Тергөөдө ал атасынын өчүн алганын айткан. Имаш Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан каза болгон. Учурда бул ишти ИИМдин тергөө башкармалыгы карап жатат.

"Отжимание жаса" деп баласын сабап, муунткан ата

Атасы баласын "отжимание жаса" деп ур-тепкиге алган окуя социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга алынган. Бул окуя Орусияда болгонун баланын тай тарабы айтып чыгып, коомчулукка кайрылган. Сабалган бала үй-бүлөдө бир туугандардын ортончусу, андан улуу жана кичүү 2 бир тууганы бар болгон. Окуядан кийин баланын атасы кылган ишине өкүнүп, аялы кош бойлуу экенин айтып чыккан. Ал эми баланын апасы алардын башка багар-көрөрү жоктугун айтып ыйлап, коомчулуктан кечирим сурап кайрылган видеосу да тараган. Бул ишти Орусиянын полициясы карап, баласын сабаган атаны күнөөлүү деп таап, 3,5 жарым жылга эркинен ажыраткан.

Алайда өз кызынан ажал тапкан апа

Ош облусунун Алай районунда 24-апрель күнү саат 22:00 чамасында 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, каалгага илинүүчү темир кулпу менен апасын башка 2-3 жолу уруп, башка бөлмөгө кирип жатып алган. Жаракат алган 52 жаштагы апасы кансырап жаткан жеринде каза болуп калган. Шектүү катары кармалган 16 жаштагы кыз эки айга камакка алынган. Октябрь айында Алай райондук соту апасынын өлүмүнө шектелген 16 жаштагы кыздын ишин өндүрүштөн кыскартты. Анын себебин сот "айыпталуучу кыз кылмыш ишин жасаганда 16 жашка толо элек болгон. Жазык кодексте 16 жашка чыга элек өспүрүм кылмыш кылса, жоопкерчилик тартпай турганы жазылган. Кыз тергөөдө күнөөнү жарым жартылай моюнга алган. Тактап айтканда, аффект абалында болгон. Себеби апасы ичимдик ичкен, ошол күнү да ичип келип, кызын сабаган. Ошондо ал кулпу менен апасын чаап жиберген. Эртең менен туруп караса апасы каза болуп калган", - деп билдиришкен соттон.

Сузакта күйөөсү аялынын моюнуна дөңгөлөк асып...

12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Анда 51 жаштагы тургун 47 жаштагы аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, күйөө камакка алынган. Көп өтпөй аял күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазып, күйөөсүн бошотууну өтүнгөн. Ага ылайык, Сузак райондук сотунун 2-июлундагы өкүмү менен жабырлануучунун берген тосмо арызын, пробация органдын берген баяндамасын эске алып, айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. Айыпталуучу Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде 2 жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөөдөн бошотулган.

Күйөөсүн кызганган аял 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө киши жалдаган

26-сентябрга караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында үрөй учурган окуя катталган. Анда үйгө бастырып киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кетишкен. Бул окуя боюнча шектүүлөргө издөө жарыяланып, көп өтпөй шектүү катары эки эркек жана бир аял кармалган. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча кылмыш иши кызганычтын айынан келип чыккан. Анда аялы күйөөсүн маркум кыздан кызганып, аны өлтүрүүгө өзүнүн айдоочусу менен досуна буйрутма берген. Учурда бул иш Чүй ОИИББинде тергөөдө.

Үрөй учурган өлүм. Буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылган 19 жаштагы жарандын өлүмү

Интернетке колу менен буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жарандын сүрөтү тараган. Анда милицияга 21-ноябрь күнү "Тёплые ключи" санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, маркумду асылган абалда турганын аныкташкан. Анда маркумдун денесинин айрым бөлүктөрү скотч менен оролуп, байланган. Көп өтпөй маркум 19 жаштагы Кочкор районуну тургуну экени аныкталган. Ал 6-ноябрда үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп, изделип анан 21-ноябрда анын жансыз денеси табылган. Маркумдун ата-энеси баласы жол кырсыгына кабылып андан кийин дайынсыз болуп жоголгонун айтып берген. Учурда маркумдун өлүмүнө шектүүлөр кармала элек, милиция издеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mubarak
2020-12-27 13:50:15
Ей кудайым заманыбызды тынч кыла кор адамдарга ыйман бер
+4
sultan_bek
2020-12-31 14:03:43
Жаны жылынар кут болсун кыргыз элим. Жаны жылды жакшы маанай менен тосуп алгыла. Молдолордун шариятын укпагыла
-3
Barcho
2020-12-31 15:29:29
sultan_bek,сен Дени каапыр эмессинби?
+2
guard
2020-12-31 17:18:25
sultan_bek,ошо молдолордун шариятын укпаган учун жогорудагыдай кылмыштар болуп жатат, деги шарият эмне экенин тушунуп туруп, анан жазып жатасынбы?!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан