Ош облусунун Чон-Алай районунда айдоочу рулга ээ боло албай унаадан кулап түшүп, каза болгон окуя боюнча Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү саат 02:50 чамасында Чоң-Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жол кырсыгы болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Өзгөн РИИБинин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу чыгып төмөнкүлөрдү аныкташкан. Анда Жаш-Тилек айылынын унаа жолунда ошол айылдын 54 жаштагы тургуну H.Ш. жүк жүктөөчү тракторун башкарып бара жатып, жолдун тайгактыгынан тайып, рулду башкара албай жолдун түштүк тарабына оодарылып кеткен. Натыйжада айдоочу окуя болгон жерде каза болгон.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тарабынан кароо жүргүзүлүп, маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.