Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус жеңил унаа менен сүзүшүп, оодарылып кетти

Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук такси жеңил унаа менен сүзүшүп, оодарылып кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 9:30 чамасында Чортекова жана Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишинде маршрттук такси менен Хонда үлгүсүндөгү авто унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

"Натыйжада Хонда үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилди. Маршрутта жүргүнчүлөр болгон эмес. Учурда эки унаа тең айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти патрулдук милициядан.

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус жеңил унаа менен сүзүшүп, оодарылып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
marat-ju
2020-12-25 12:35:35
Кудай сактасын тынч аман болушсун ичиндекилер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан