Буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткан Николай Дививи үй-бүлөсү менен аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"24-декабрь күнү издөөдө жүргөн Николай Дививи апасы менен байланышка чыгыптыр. Апасы милиция кызматкерлерине баары жакшы экенин айтып, ал үй-бүлөсү менен Ош жана Жалал-Абаддын ортосунда жайгашкан тоолордо жашап жатканын билдирген. Анда ал кошумча каражат табуу үчүн чарба иштери менен алек болуп жатканын кошумчалаган. Ошол эле учурда апасы ал жакта байланыш начар экендигин, ошондуктан ал жакындарына көп телефон чала албастыгын түшүндүрдү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, сентябрь айынан бери 34 жаштагы Николай Дививи кош бойлуу аялы жана 11, 6, 5 жаштагы үч баласы менен тоого кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан.