Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, бир унаада 6 адам каза болуп, 2 адам тирүү калган. Тактап айтканда бир үй-бүлөнүн 4 жашар кызы аман калган. Ал таене таятасына берилет. Ошондой эле анын абалы жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Токмок аймактык ооруканасынын жетекчиси Бактыгүл Исаева билдирди.
"Кыздын абалы жакшы. Бирок таене, таятасы аны Бишкекке алып кетишти. Дагы бир жолу Эне жана баланы коргоо борборуна алып барып көргөзүп коелу дешти. Ал эми кызды туугандары чогулуп сүйлөшүп, таене, таятасына берели деп чечишиптир. Ал эми ооруканадагы айдоочу менен 41 жаштагы аял жатат. Аялга кече бутуна операция жасалды. Абалы туруктуу деп бааланууда. Ал эми айдоочу травматология бөлүмүндө, ага операция жасала элек", - деди ал.
19-декабрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында Volkswagen Vento менен Kia K5 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек жана 4 аял киши каза болгон. Дагы 4 адам жабыркаган. Жерине куткаруучулар тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.