Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан №49 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 15:59да 1 бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет.