УКМК: "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчиси коррупция беренеси менен кармалды"

Бишкек мэриясына караштуу "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык кызматынын жетекчиси кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, аталган ишкананын жетекчиси убактылуу пайдаланууга берилүүчү жер тилкелерин мыйзамсыз саткан фактысы катталды.

"2017-жылы Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жана "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын айрым кызмат адамдары өз кызыкчылыктарын көздөп, мыйзамсыз баюу максатында аукциондо жеңип чыгууга кызыкдар болгон үчүнчү жактар ​​менен кылмыштуу бүтүмдү түзүп, алдын ала жеңүүчүлөрдү аныктап, жер участоктору боюнча жасалма аукциондорду өткөрүшкөндүгү аныкталды.

Тиешелүү тергөө иштеринин алкагында 24-декабрда "коррупция" беренеси менен "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчиси А.Т. жана мыйзамсыз сатууга тиешеси бар делген З.М. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан